Печать
Категория: Коом
Просмотров: 461

Соцтармактарда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын Кеңешинин жыйынына келгендердин учактары талкууга түшүүдө. Алардын бири бул:

"Кыргызстанга келген башка өлкөлөрдүн президенттеринин самолетун көрүп, биздин борт менен салыштырып  ыза болуп, намыстандым. Тажик, азер, түркмөн, казак, өзбек, орустукун айтпай эле коелу. Аларын самолету боинг, эйрбас, ил-96, Ту-214 сыяктуу жаңы учактар. 

Биздики жылы эски, учса артынан капкара түтүн чыккан Ту-154. Мындай  учак башка эч жерде жок, балким музейде тургандыр. 

Мамлекеттин экономикасы жакшы эле болуп калды, жаңы борт алууга деле кудуретибиз жетет. Башка жакка учуп барганда “Садыр Жапаров учуп келди”-дебейт, “Кыргызстандын президенти келди”-деп айтат. 

Тилекке каршы, жаңы учак алалы деген сунуш айтылса эле “кокуй кереги жок”-деп чыгабыз. Ал эми алыскы мамлекеттерге жеке самолет жалдап учса Болот Темиров сыяктуу бузукулар “эмнеге самолет жалдап учуп жатат”-деп манипуляция жасашат. 

Президенттин комфорту эмес, Кыргыз элинин намысы үчүн жаңы самолет албасак уят эй. 

Бизден башкасы бүт кычырап келет экен, биздики скотч менен жамалган эски. Айрым учурда 11 орундуу самолет жалдап учуп барышат экен. Ушу кантип болсун? Тең ата болуш үчүн минген атың дагы алардыкындай болуш керек да?!"