Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм-каналына уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө катаал чара колдонуу менен катар аларга карата катаал мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгын жазды. Ал белгилегендей, катаал мыйзам ар кандай кылмыштуу топторду түзүү жана бийлик түзүмдөрүнө таасир этүү каалоосун түп тамырынан жок кылат.
"2021-жылы Кылмыш кодексинин долбоорун кароо учурунда криминалдык чөйрөдөгү статусун моюнуна алуу, тастыктоо же тануу, ошондой эле "общакты" каржылоо үчүн жоопкерчиликти караган норма киргизгем.
Бул беренелер иштеши керек. Бирок бул нормалар жетиштүү эмес. Мыйзам кабыл алуу керек. УКМК тарабынан башталган кылмыштуу топторду жок кылуу аракеттери коомчулукта ар түрдүү реакция жаратты. Бири кылмышкерлерге боору ооруп баштаса, айрымдары катаал чараларды колдоп жатышат. Коомчулуктун мындай бөлүнүүсү негиздүү: көптөгөн жылдар бою жарандар укук коргоо органдарына жана сот бийлигине ишенимин жоготуп койгон. Айрымдар "соттоо" үчүн криминалитеттердин анабашчыларына кайрылып келишкен, ошентип криминалитеттер популярдуу болуп чыга келген. Акчаңды кайтарбай жатышабы? Бизнес-өнөктөшүң алдап кеттиби? Бирөө коркутуп жатабы? Көпчүлүк бул маселелерди кантип чечсе болоорун билип калышкан", - деди ал.
Ошондой эле депутат кылмыштуу топтордун башчылары кайрымдуулук менен активдүү алектенип, белгилүү маданият, спорт, диний уюмдардын ишмерлерине, балдар үйүнө жардам берип келишкендиктен, айрымдар ушундай "кайрымдуу" адамдарга азыр боор толгоп жатышканын белгиледи.
"Мен жана бир катар депутаттар парламент трибунасынан УКТ менен күрөшүү маселесин бир нече жолу көтөргөнбүз. Укук коргоо органдарынын ошол убактагы жетекчилери жооптуу ошол замат таап жүрүштү: бир туруп өлкөдө кылмыштуу уюмдар жок, бир туруп УКТ көзөмөлгө алынган, кээде УКТ бүт дүйнөдө бар деп коюшчу.
Кыязы, акыркы учурда "смотрящийлер", "положенецтер", "мыйзамдагы уурулар" чегинен чыгып кетишкендиктен, бийлик алардын бейформал "чечимдеринен" жадап, өлкөдөгү УКТларды жок кылуу чечимин кабыл алышкандай."
Ошондуктан депутат уюшкан кылмыштуу топ деген статустууларга ошол топтордун мүчөлөрүнүн жакын туугандарын, досторун жана бизнес-өнөктөштөрүн кошо турган мыйзам кабыл алуу керек деп эсептейт.
"Мен Кыргызстандагы криминалитетти жоюу аракеттерин колдойм. Бийлик мыйзамдуу бийликтин колунда болушу шарт", - деди ал.