Печать
Категория: Коом
Просмотров: 179

КР УКМК тарабынан Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылагандыгы үчүн КРнын Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык козголгон кылмыш ишинин ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чарасында КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти И.А.Х. кармалды.

Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө  И.А.Х. бир нече компаниялардын жүгүн жеткирүү жана логистикасына тартылып, мындан тышкары алардын ишмердүүлүгүнөн УКТнын жалпы кассасы үчүн «дан»  (жалпы кирешеден 30%) чогултууга катышкан.