Печать
Категория: Коом
Просмотров: 242

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш улантылып жатат.

Анын алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алар: 1995-жылы туулган М.у.Х., 1993-жылы туулган  Ю.У., 1978-жылы туулган А.Ы.Б. 1993-жылы туулган Р.А.С., 1986-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү,  ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. 

Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты.