Печать
Категория: Коом
Просмотров: 182

Жиптин бир учу кармалгандан кийин ушинтип чубалып кете берет. Бир караганда “Таман акы маңдай тери” менен оокат кылып миллиардерге айланган сыяктуу сезилген Турсунтай Салимовдун чындыгында таржымалы такыр башка.

Акыйкатында Салимовдун баш айланткан байлыгы бажыда түзүлгөн жемкордук схемалардын, контрабанданын “жемиши” болуп саналат.

Бир нерсени жакшы түшүнүп алганыбыз оң. Ооба, Салимов ишкерлердин “Жүрөгүнүн үшүн алган” ОПГ мүчөсү болгон эмес. Башкача айтканда кримдүйнө мүчөсү катары камалган жок. Бирок, ал уюшкан кылмыштуу топтордун “капчыгы” катары камакка алынды.

Айрым маалыматтарга караганда, Салимов “каралар” менен 2008-жылдан бери тыгыз байланышта болуп аларды “башкы демөөрчүсү” болуп жүргөн.

Мыйзамсыз жол менен тапкан ташыганын “каралар” менен бөлүшүп алардын калкалоосунда болуп келген.

Турсунтай байбача аркылуу базарга товар менен кирген оор жүк ташуучу автоунаалардан 1500 доллардан, бустардан 700 доллар “каралардын” энчиси катары берилип турганы көптөн бери эле айтылып келген.

Демек, Салимовдун камалышы анын кримдүйнө менен бирдикте тапкан эбегейсиз байлыктарын салкын кандуулук менен санап чыгуу максатын көздөйт.

Ал эми “Мадина” базарында иштеген соодагерлердин “Салимов сүттөн ак” деп кайрылуу менен чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алар ошол жерден нан таап жегендиктен Салимовду колдоп чыккандан башка аргасы жок.

Бакай Абдымалик, журналист