Печать
Категория: Коом
Просмотров: 500

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Салафия” салттуу эмес диний агымынын өкүлдөрүнүн  мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө салттуу эмес диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн даректеринде сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ок-дарылары менен ок атуучу курал, диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, компакт-дисктер жана уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынды жана процессуалдык негизде документтештирилди. 

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, табылган диний материалдар боюнча теологиялык экспертиза дайындалды.