Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтканын аталган мекеме билдирди. 

“Афганистандын батышында олуттуу жоготууларга алып келген кыйратуучу жер титирөө тууралуу кабарды Кыргызстан терең кайгыруу менен кабыл алды.

Учурдагы оор мезгилде кыргыз тарап боордош афган эли менен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, табигый кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин чын жүрөктөн тилейт”, - деп айтылган көңүл айтууда.

Эки күн мурда Афганистандын батышында күчү 6,4 баллга жеткен бир нече жер титирөө катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 миң адам каза болуп, 9 миң 240 адам жабыркаган. Ошондой эле 1329 турак үй жабыркаган же талкаланган.