Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу 8-октябрда Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топограциялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өтүп, анда 43,32 чакырым макулдашылды.

«Тараптар калган тилкелер боюнча ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. Жыйын достук жана өз ара түшүнүү маанайында өттү”, - деп айтылды маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Быйыл 15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат артса болорун билдирген. Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.