Печать
Категория: Коом
Просмотров: 850

Депутат Шайлообек Атазов парламент жыйынында Айыл чарба министрлигин сынга алды. Ал министрге "эмнеге жүз пайыз дыйкандар үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз болбой жатат?" деген суроо салды. 

Айтымында, дыйкандардын 60-70 пайызы гана үрөндөр менен камсыз болушкан. 

 Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандар лабораториялык текшерүүдөн өткөн үрөн материалы менен камсыз болгонун белгиледи. 

"Биз лабораториялык текшерүүдөн өткөн үрөндү гана тарата алабыз. Азырынча 65 пайызы гана текшерүүдөн өткөрүлдү", - деди министр. 

Ал эми жер семирткичтер дыйкандардын 11 пайызына гана жеткенин депутат билдирди. Бирок буга министр макул болгон жок. "Бизде башка маалыматтар бар", - деди ал. 

"Камчыбек Кыдыршаевичтин балдарын жөнөткүлө, Айыл чарба министрлигин жер семирткичтери менен чогуу карап чыгышсын", - деди анда Атазов. 

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров укук коргоо органдары, Эсептөө палатасы баарын текшерип чыгаарын айтты. Ошону менен катар "Бизде мекемелерге караштуу жана жеке менчик жерлер бар. Биз СССР убагындай болуп баарына үрөн жана жер семирткичтерди бере албайбыз", - деди. 

"Андай болсо Айыл чарба министрлигин жоюп эле салалы", - деди депутат Атазов.