Мындан ары мектептердеги ата-энелер фонду жоюлат. Бул тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Догдургүл Кендирбаева билдирди.
Айьымында, мектептин күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоо маселеси чечилди жана каражат бөлүнөт.
Ошондой эле, баланын сапаттуу билим алуусу үчүн ата-эне мектеп менен байланышта болуп, натыйжалуу аракеттерди көрүшү зарыл.
"Мындан ары башталгыч класста ар бир ата эне мугалимдин жардамчысы катары бир күндөн кошо иштөөнү сунуштайм. Мугалимдин жардамчысы же ассистенти катары ар бир ата -эне ыктыярчы болуу демилгесин көтөрөм. Бир айда бир күн балаңыз үчүн ал окуган класска жардам берүү оордук кылбайт деп ойлойм", - дейт министр.