Печать
Категория: Коом
Просмотров: 358

Кечээ, 3-октябрда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Айжигитов С.А., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К.

Демилгечилердин бири Надира Нарматова өлкөдө  өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиштигин белгиледи.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын 17-статьясынын жаңы редакциясында коммерциялык эмес уюмдун кирешелери жана түзүмү, ошондой эле алардын мүлкүнүн көлөмү жөнүндө, анын чыгымдары, кызматчыларынын саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт деп көрсөтүлүүдө. Ошондон улам, мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүү жагы белгиленүүдө", - деди.

Ал эми депутат Искендер Матраимов мыйзам долбоору чет жактан келген акчалардын гана отчеттуулугун талап кыларын айтып, аны ишке ашыруу эч кандай коркунучка алып барбай тургандыгын айтты.