Печать
Категория: Коом
Просмотров: 68

Эки күндүк текшерүүдө тез тамактануучу жайларга 568 миң сомго 36 протокол түзүлгөнүн Санэпидкөзөмөл органы билдирди.

Маалыматка караганда, 10 тез тамактануучу жайда косметикалык ремонт жүргүзүлүп, идиш менен жашылчаны жууган өзүнчө раковиналар орнотулмай болду. Ал эми жумушчулар медициналык көзөмөлдөн өтүүгө милдеттендирилди.

Текшерүү иши Свердлов жана Биринчи май райондорунда жүргүзүлүүдө. Эртең Октябрь жана Ленин райондорунда башталат. Шаарда жалпысынан такай иштеген 200 тез татым жайы бар.

Эске салсак, 30-сентябрда Бишкекте бир нече киши ууланып ооруканага түшкөн. Жалпысынан уулануу абалында дарыгерлерге 67 адам кайрылган. Андан соң дагы төрт адамдын акыбалы начарлаганы белгилүү болгон. Ал адамдардын баары шаурма жегенден кийин ууланууга дуушар болушканын айтышкан. Ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө жаш балдар.