Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастанбек Джумабеков “Ак-эмгегим элиме” программасынын алкагында Манас районундагы Сөгөт айылында “Сөгөт” атындагы башталгыч мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто унаасын белек кылды.

Бул демилге жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына жооп болду, анткени буга чейин окуучулар коңшу айылдын мектептерине күн сайын 6 км жөө басып барууга мажбур болушкан.

Жергиликтүүлөр жаңы унаа окуучуларды жамгырдан сактап, чыгармачылыкка, билимге жол ачарын белгилешип, депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.