Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

Оштун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында "Боор жана бөйрөктү трансплантациялоо" борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Бул борбордун ачылышы маанилүү. Анткени бул мындан ары дарыланууга алыскы Индияга жана башка өлкөлөргө чыгуунун зарылчылыгы жок болот. Эми боор, бөйрөк ооруларына жардам бере турган Ошто да борбор ачылат.

Учурда Ошто боор жана бөйрөк ооруларын алдын алуу жана дарылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүчү борборду түзүү үчүн ири инвестициялар тартылууда", - деп айтылат маалыматта.