Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1236

- "Кыргыз-тажик чек арасы боюнча тарыхый чечим кабыл алынды, чек ара чечилди" деген коңгуроо кагылды. Эми чек ара чечилиптир деп ыраазы болуп отуруп калабызбы же дагы мынча жерди берип. анча жерди алыптыр деп чек араны чечкендерди эл душманына айлантабызбы?

- Биринчиден, кыргыз элин жакшы жаңылык менен куттуктайм!

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү көптөн бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келген. Чек ара маселеси бүгүнкү жакшы жаңылыкка чейин кыргыз эли үчүн өтө кымбатка турду. Элибиз билгендей кырчындай өмүрлөр кыйылды, моралдык-материалдык зыянга учурадык...

Тажик бийлиги менен дипломатиялык да, коңшу иретинде да сүйлөшүүлөр болду, бирок тажик тарап ага көнбөдү. Камчыбек Кыдыршаевичтин катуу билдирүүсүнөн кийин ийге келишип, чечилди деген кабар баарыбызды сүйүнтүп жатат. Бирок кандай чечилди, кайсы жерлер алмашты же алмашылбады - азырынча белгисиз. Жакын арада коомчулука ачыкталаар. 

Мен Камчыбек Кыдыршаевич менен президентибиз Садыр Нургожоевич бир метр жерди да бербешине ишенем. Биз каалагандай чечилгени үчүн протоколго кол коюлду да. 

Албетте, жакшыны жаманга буруп, андан саясат издегендер да чыкпай койбойт. Ниети бузуктарга төбөсүнө алтын куйсаң да "жакшы" дебейт. Андайларга көңүл бурбай эки баатыр чек араны аягына чейин чыгарып, чекитти коёт деп ойлойм.