Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1658

Жакында эле абактан чыккан Мелис Аспеков кайрадан кармалганы белгилүү болду. Буга чейин алдамчылыкка, шылуундукка айыпталып кармалса, бул сапар бийликти күч менен басып алууга аракет жасоого шектелген. Аны менен катар Аспековдун абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Аскат аттуу жаран менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аудиосу жарыяланды. 

Сүйлөшүүлөргө караганда, Аспеков ал адам менен абакта чогуу отурган. Ошондой эле аны ырайым кылуу (помилование) жолу менен чыгарып кетүүгө аракеттенерин айткан. 

"120 адамга "помилование" бериптир, указды, "полный" кагазды алып окудум", - деген Аспеков Аскатты дагы ырайым кылууга кошууга убадасын берип, андан ары "Поддержкага" чыгып бере ала турган балдарың барбы? Ар кандай болуп калат да, билесиң. Мынча бала керек деп конкреттүү айта албайм да. Ал өзүңдүн мүмкүнчүлүгүңө жараша. Болжол менен канча бала стартта боло алат?" - деп сураган. 

Аскат жооп катары "эгер эркиндикке чыга турган болсо, жеке өзү 100 баланы кандай маселе болсо да катыштырып берээрине" "эркекче" убада берген.  

Ошондой эле бул сүйлөшүүдө Аспековдун сүйлөшүп жаткан таанышынын дагы 8 жыл 3 айлык жаза мөөнөтү калганы айтылган. Демек, олуттуу кылмыш менен соттолгон. Мында жасаган оор кылмышы үчүн мыйзам чегинде жазасын алып, мөөнөтүп өтөп жаткан адамды Аспеков өз кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн кандайдыр бир жолдор менен эркиндикке чыгарууга даяр деп кабыл алууга болот. Ошол эле жерден - Аспековго 100 бала кайсы иш үчүн зарыл болуп калды деген суроо туулат. 

Белгилей кетсек, Аспеков өзү дагы үч ай мурда ырайым кылуу жолу менен абактан чыккан. Эгерде ырайымга туш болбогондо 2027-жылы гана жаза мөөнөтүн өтөп бүтмөк.