Печать
Категория: Коом
Просмотров: 291

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында депутат Шайлообек Атазов ундун кымбатташына Айыл чарба министрлигин айыптады. 

Ал ундун баасын генерал Камчыбек Ташиевдин аракети менен гана ундун баасын төмөндөтүү мүмкүн болгонун белгиледи. 

"Кыргызстан айыл чарба өлкөсү, ошондуктан бул багыттагы азык-түлүктөр арзан болушу керек", - деди ал. 

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "базардагы бааларды министрлик койбойт" деди. 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары унга болгон баанын өсүшүн талкууга алышкан. Андан көп өтпөй Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу депутаттарга кайрылып, ундун баасынан "хайп" жаратуудан алыс болууга чакырган. 

"Баалар көтөрүлбөйт, мамлекет тийиштүү чараларды көрүүдө. Казакстандан келген унга баа көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элге зыянын тийгизбейт. Биринчи сорттогу бир кг ун 30 сом, бир мүшөк - 1500 сомдон турат. Жакынкы убакытта баа дагы төмөндөшү мүмкүн, анткени биздеги ундун запасы кийинки түшүмгө чейин жетет", - деген Ташиев.