Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1014

УКМК тарабынан ишмердүүлүктүн бардык тармактарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган иш чаралар жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасында мамлекеттик нотариус Ж.М.Ж жеке баюу максатын көздөп, мыйзамсыз кирешелерди алуу боюнча механизмди пайдаланганы ачыкка чыккан. 

Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.М.Ж. Кыргызстандын жараны Ж.А.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, нотариалдык аракетти ишке ашырууда жарандан ар кандай кошумча тастыктама жана документтерди сурап, ар кандай шылтоо менен создуктуруп келгени аныкталган. 

Ушул жылдын 29-сентябрында аталган адамдар өздөрүнүн кылмыштарын жаап-жашыруу максатында жаранга керээз боюнча мурас күбөлүгүн берүү процессин создуктурушкан жана андан 10 миң сом талап кылышкан. Ошол эле күнү Ж.М.Ж. жана Ж.А.А.  аталган сумманы алып жатканда кармалышкан. 

Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Бул адамдардын ишмердүүлүгүнөн жабыркаган башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө. 

УКМК нотариустардын аракети процедуранын, белгиленген профилдик укуктук актылардын чегинен чыкпай жана кошумча документтерди сурабаш керектигин эскертет.