Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев да катышты.  

Депутат Шаирбек Ташиев алгач балбандарды дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктап, бүтүндөй кыргызстандыктарга тартуулаган кубанычтуу көз ирмемдер олимпиада оюндарында да уланарына ишенимин билдирди.

“Ар бир кыргызстанык атуул бүгүн, силердин жеңиш менен сыймыктанып жатат. Албетте, сиздердин бул аракетиңиздер келечек муундарга, спортту сүйгөн жаштарга шык  жана үлгү жаратат деген тилектемин.  Ийгиликтин жаралышына машыктыруучулардын өзчөгө салымын белгилеп, аларга да ыраазычылык айткым келет-,” деди депутат.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Шаирбек Ташиев мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спорт чеберлерине ийгилик каалап, баалуу сыйлыктарын тапшырды.

Депутат дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго, күмүш медаль алган Айпери Медет кызына жана спорт чебери Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлыктарын тапшырып, алардын машыктыруучуларын Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каты менен сыйлады.