Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Ош абамайданынын абалы өтө начарлап кеткенин айтты. 

"Ал жерде тартип жок. Автоунаа кое турган жер дагы жок. Күтүүлөр толтура, өз убагында тейлей алышпайт. Абамайдандын деңгээли абдан түштү. Чет мамлекеттен келген конокторду жеткиликтүү тейлөө жок. Эл аралык деген макамына туура келбейт. Ошондуктан Ош абамайданынын жетекчилигине чара көрүү зарыл", - деди депутат. 

Башка депутаттар да Коргонбай уулу көтөргөн маселени колдошуп, аталган абамайдандын жетекчилигин парламентке чакырууну сунушташты.