Печать
Категория: Коом
Просмотров: 832

Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жаран Кубанычбек кызы Кымбат менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 27-сентябрда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту.

Кубанычбек кызы Кымбаттын айтуусу боюнча ал 01.01.1996 жылы туулган. Жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чонойгон. Бала кезинде апасы экөө Бишкекте жана Казахстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок үй-бөлөгө асырап алганга таштап кеткен жана ал жерде 2011- жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар, кыздар менен чогуу тарбияланган. 2011-2023-жылдары  Казахстанда ар кандай жумуштарда иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан (2, 4, 5 жашта). Жолдошунун туберкулёз оорусунун жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен, августтун башында жолдошу каза болгон. Азыркы маалда Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде убактылуу жашап, акча жаатындагы кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. 

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылды, ошондой эле материалдык жардам көрсөттү.