"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.
Ага Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо") менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге ("Массалык башаламандыктар") алмаштырылган.
Шамшидин уулу 21-сентябрда кармалган.