К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү - Ош облусунун Ноокат районунун тургундары, 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, М.Г.К.га тиешелүү 08KG257AGH мамлекеттик номурлуу “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттары, ошондой эле “ТОЗ-8” маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16 мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылып алынды.
Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык М.Г.К. Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.