Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорун биринчи окууда демилгечи депутат Марлен Маматалиев алып чыкты. Анын айтымында, мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алуу менен жана маркумдун өзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык өлгөн адамды көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин, аны жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.