Печать
Категория: Коом
Просмотров: 285

Республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында коррупция аныкталганын УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери Кытай Эл Республикасындагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн студенттерден 900 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып келишкен.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.