Чүй облусундагы Селекция айылында мурунку аялынын кулагын жана мурдун кескен киши буга чейин дагы мурунку аялын зордуктоого айыпталып кармалган. Бул боюнча соцтармактарга жабырлануучунун бир тууганы, Диана аттуу колдонуучу жазып чыкты.
Мындан бир жыл мурун, 2022-жылдын сентябрь айында Чүй облустук милициясы тараткан маалыматта Сокулук районунун Күн-Туу айылында мурунку аялын сабап, зордуктоого шектелген жаран кармалганы айтылган.
Маалыматта 1-сентябрь күнү Сокулук райондук милицияга 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кайрылып, 31-август күнү саат 22:30да Күн-Туу айылынан мас абалындагы мурунку күйөөсү физикалык күч колдонуп, зордуктаганын айтып, ага чара көрүүнү суранганы белгиленген.
Аталган факт 2022-жылдын 1-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмүндө (Зордуктоо) каралган кылмыштын негизинде Сокулук районунун РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Ажырашкандан кийин дагы мурдагы күйөөсү аны аңдып, сабап келген. Абдан көп окуялар болгон. Биз бир нече жолу милицияга кайрылдык, арыз жаздык, миллион жолу соттук медициналык экспертизадан өттүк, бирок жыйынтык болгон жок. Укук коргоо органдагылар бизге өлтүргөнгө чейин кылмыш ишин козгой да, камай да алышпай турганын айтышты. Ал өзү жалгыз эки баласын чоңойтуп жаткан. Мурдагы күйөөсү милиционерлерге кол көтөргөн учур дагы болгон, ошол кылганы үчүн камашмак, бирок туугандары сотко акча берип чыгарып алышты. Мен ачык эле жазам, туугандары сотко пара беришкен. Ошондон кийин эжемди күн сайын аңдый турган болду, биз аны кайтарып жүрдүк, бирок күтпөгөн жерден пайда болуп калчу", - деп жазган Диана.
Эске салсак, 36 жаштагы аял 20-сентябрда бычактан алган жаракаттары менен ооруканага түшкөн. Анын кулагы жана мурду кесилген. Дарыгерлер 8 саат операция жасашкан. Учурда анын абалын орто оор деп баалашууда.