Печать
Категория: Коом
Просмотров: 350

Бүгүн, 2023-жылдын 20-сентябрында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында, Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча КМШ конференциясынын алкагында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара ведомстволорунун башчылары генерал-майор У.Шаршеев менен генерал-майор С.Хусановдун ортосунда тар чөйрөдө өзүнчө жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушууда тараптар чек араны биргелешип коргоо, делимитация жана демаркация маселелери боюнча бир катар актуалдуу темаларды талкуулашты.

Эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун башчылары чек ара аймагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү жана ар кандай иш-чараларды анын ичинде маданий жана спорттук иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашты.

Тараптар чек арачылардын чек арадагы жүрүм-турум линиясынын талаптарын так сактоо менен чек арада келип чыккан бардык маселелер жана сүйлөшүүлөр биргелешкен дипломатиялык жол аркылуу чечүүнү макулдашууга жетишти.

Сүйлөшүүлөр достук кырдаалда жана өз ара түшүнүшүү духунда болуп өттү.