Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

Кыргызстандан буудай, меслин жана унду экспорттоого тыюу салуу сунушталып жатат. Мындай токтом долбоору Айыл чарба министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. 

Маалым болгондой, бул чечимге унга жана азыктык будайга болгон баанын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, унга болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында келишкен. Буудай азыктары социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана рынокто чийки заттын жетишсиздиги өлкөдө азык-түлүк кризисине алып келиши мүмкүн.

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын ун өндүрүүчү ишканалар ассоциациясынын жана россиялык "Союзроссахар" бейөкмөт уюмунун суроо-талаптарын эске алуу менен баанын өсүшү жана продукциянын жетишсиздиги жаралышы мүмкүн экенин белгилейт.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары буудай, меслин жана унду алты айга чейинки мөөнөткө ташып чыгууга (экспорттого) чектөө киргизүү сунушталат.