2021-жылдын февралынан бери гуманитардык миссиянын алкагында Сирия жана Ирактан Кыргызстанга 233 адам кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясында билдирди.
Кайтып келгендердин 233 адамдын 184ү балдар болсо, 49у аялдар экени белгилүү болду.
Учурда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясы өтүп жатат.