Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Каракол менен Италиянын Кальяри калаасы боордош шаарларга айланды. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев билдирди.

Маалыматка караганда, кызматташуу келишимине 16-сентябрда Кальяри депутаттар кеңешинин башчысы Эдоардо Токко баштаган Кальяри делегациясынын Каракол шаарына болгон сапарынын алкагында кол коюлду.

Эдоардо Токко Каракол шаары менен өнөктөштүк мамилелерди орнотуу каалоосун билдирип, туризм, билим берүү, соода, тажрыйба алмашуу жана жумуш орундарын түзүү сыяктуу ар кандай тармактарда кызматташууну улантууга ишенимин билдирди. Ошондой эле ал Каракол шаарынын кооздугуна жана меймандостугуна суктанганын жашырган жок.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү Луиджи Дедони жана Энрико Гарау Кальяри сүт өндүрүү боюнча алдыңкы шаар экенин белгилеп, бул чөйрөдө Ысык-Көл облусу менен кызматташуу үчүн перспективалар бар экенине ишенерин билдиришти.

Сүт азыктары боюнча техникалык консультант Бастианино Пиредда Караколдогу сүт заводунда 3 күн болуп, сүт азыктарын өндүрүү маселелери боюнча консультация берди.

“Белгилей кетсем, биз буга чейин дагы 7 шаар менен кызматташуу боюнча келишимдерди түзгөнбүз жана бүгүн Кальярини жаңы эгиз өнөктөшүбүз катары тосуп алганыбызга кубанычтабыз. Биздин достугубуз бекем болуп, кагаз жүзүндө гана эмес, чыныгы долбоорлордо дагы пайда болот деп ишенебиз. Биз бардык тармактарда кызматташа аларыбызга ишенебиз”, - дейт Бапаев.