Кыргыз эли кечиримдүү жана тынчтыкты сүйгөн эл болчу. Акыркы 30 жылда эмнелерди гана башынан өткөргөн жок. Өлкө экономикасы чабалданып, элдин турмушу эң төмөнкү чекке жеткен учурдан өттү, ар кандай ички саясий кырдаалдарга туш болду, сырттан куралдуу кол салууларга кез келди, мамлекеттин казынасын кемирген “ичтен чыккан ийри жыландардын” таламайында калды.
Бирок мунун баарын унуттук, кечирдик.
А азыр босогобузда душман жерибизге көзүн кызартып турган маалда, өткөн тарыхыбыздан сабак албай, бириге албай жатабыз. Ич ара бир нече топко бөлүндүк: бирибиз Москваны карасак, экинчибиз Батышты бапестеп атабыз, үчүнчүбүз арабдын жолун жолдосок, төртүнчүбүз жеке кызыкчылыгыбызды бийик коюудабыз, а бешинчибиз оппозиция кейпин кийип, өлкө ичине бүлүк салууга эки көзүбүз төрт болуп турган маалы. Айтор, мамлекетти туш келди тартып, көк бөрүдөй жулмалап кетүүгө даярбыз. Бул абдан өкүнүчтүү.
Айрымдар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун оозун карап, кадамын санап, “кайсы жерден жаңылаар экен” деген аңдуунун үстүндө. Бир аз шылтоо таап алышса, атасы тирилип келгендей кубанып, кечинде каптаган чиркейлерден ызылдап жатып калышат. Ошондой “чиркейлердин” бири – ууру, бузуку Равшан Жээнбеков.
Бул эргул төңкөрүш жасаганга аракеттенгени үчүн камалаарда Кемпир-Абад маселесин бетине кармап, элге баатыр болгусу келди эле, анысы ишке ашпады. Анын ким экенин жалпы эл билет, бирок өзү “биле элек”. Эми Камчыбек Ташиевдин дарегине негизсиз сөздөрдү айтып, ал аркылуу баатырга айланууну көздөөдө.
Анын мындай билдирүүлөрүн болбоду дегенде ичи тардык, көрө албастык, ачыгын айтканда элди көтөрүү, дестабилдүүлүк жаратуу жана кезектеги төңкөрүшкө жол ачуу деп эсептейм.
Ал антип арамза, куулук менен “баатыр” болуунун жолун издеп жаткан маалда, эки күн мурда Камчыбек Ташиев чек ара боюнча чыныгы баатырдык билдирүү жасады.
Аны дагы койнунда котур ташы барлар “чек аранын чечилишине тескери таасирин берет” деп жоромолдоп чыгышты. Көпчүлүк эл "туура, учурунда айтты" деп колдогон үчүн үндөрү өчүп отуруп калышты.
Урматтуулар, бул тажиктер менен 2-3 жылдан бери кандай окуялар болгонун билесиздер.
Алар канча агрессия кылса да, канчалаган жоготууга учурасак да “чек ара чечилсин, Орто-Азия согуш талаасына айланбасын” деп тынчтык жолун тандап келдик.
Эгемендик алгандан бери эмне үчүн өсүп-өнүкпөдүк, эмне үчүн 4 жыл жарандык согуш болгон Тажикстан бизден алдыга кетти?
Себеби Э.Рахмон күчкө салганын күчкө, сүйлөшкөнү менен сүйлөшүп бириктирди.
Бизде 30 жылдан бери тытышып, чукушуп, бөлүнүп-жарылып туруп алдык, ынтымактуу жашай албадык. Бийлигибиз жеке кызыкчылыгынан чыга албай, “ичип-жеп”, мамлекетти тоноп туруп алышты. Кыргызстандын келечегин ойлошподу.
Ошондон кыргыз эместер, бөтөндөр көп пайдаланышты.
Кайдыгер жетекчилерибиздин айынан, элибиздин ынтымагы жоктугунан Кыргызстаныбызда дайым оор кырдаалдар жаралып, мамлекетибиз итке минип, экономикабыз артка кеткен, айыл чарбасы, өнөр жай талкаланган. Ал эмес башкаруу системабыз да чаржайыт болгон, өлкөдө коррупция гүлдөп, элибиз чачылып, кыргыз элинин келечеги бүдөмүк болуп, келечеги жок элдердин катарына кирип калганбыз.
Дагы жакшы, Улуу жараткан бар экен "мамлекетиңди, элиңди сактап кал" деп бизге Камчыбек Ташиевдей, Садыр Жапаровдой мекенчил, көрөгөч, тайманбас жигиттерди бийлике алып келди.
Булар келгенден бери экономикалык секирик болуп жатат, моралдык, материалдык, техникалык, дипломатиялык ж.б. жактан ойлонбой калдык.
Чек арабыздын чечилбей жаткан аймактары чечилип жатат, коопсуз, гүлдөгөн өлкөгө айлантабыз деген максаттары менен иштеп жатышат.
Ушундай аракеттерди кылып жатышса эмнеге бут тосушубуз керек? Тескерисинче, жеке кызыкчылыкты таштап, мекенибиздин келечеги үчүн жеңилин жерден, оорун колдон алып жардам берели!
Ушундай учурда Кыргызстан деген ыйык мекенибиздин келечеги үчүн клан-кланга, партия-партияга, уруу-урууга, кокту-колотко ж.б. бөлүнбөй, эл бузаарларды ээрчибей бир туунун алдына биригүүгө чакырам!
Эми аларга мүмкүнчүлүк бербей ынтымактуу болуп, Улуу Кыргыз каганатын бирге куралы!