Печать
Категория: Коом
Просмотров: 65

Кыргызстандын аймагында 11нен 17-сентябрга чейинки аралыкта 19 миң 800 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

 Бир жуманын ичинде 301 мас айдоочу кармалган.

Андан тышкары:

- документи жок унаа башкарган - 253 учур;
- унаанын терезесин караңгылатуу - 33;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 825;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3001;
- автоээнбаштык - 3;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 849;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 607.

Ар кандай жол эрежелерин бузган 1 миң 397 автоунаа айып короосуна киргизилген. ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.