Психикалары туруктуу эмес адамдардын жазында, күзүндө жан дүйнөлөрү бузулуп, агресссивдүүлүктөрү артып, фантазиялары оргуштап кетээри белгилүү. Анан андай адамдар өздөрүнүн кыйналган абалдарынан да эстетикалык ырахат алып турушат. СИЗО, албетте, пансионат эмес. Тообо, биз ага өздөрүн Кемпир-Абадчылар деп жарыялагандардын акыркы билдирүүлөрүн окугандан кийин дагы бир жолу ынандык.
Кемпир-Абад маселеси эки өлкөнүн тең парламенттеринин ратификацияларынан өтүп, биротоло чечилген. Ал тарыхый факты, аны реалдуулукту адекваттуу кабылдабай калгандар эле кайра көтөрбөсө, аны козгогондон пайда жок экени нормалдуу аң сезимдүүлөрдүн баардыгына түшүнүктүү. Ал эми “жаман көргөндүн бөркү казанбактай” дегендей, саясый атаандаштарды “дөөпөрөс”, “саткын-шоумендик”, “”рейдер”, “коррупционер”, “асылган-кесилген”, “кустурбайчылык” дегендерди жабыштырып, өздөрүн “арстанбыз”, “баатырбыз” деген сөздөр психикалык мезгилдик симптомду гана көрсөтүп турат. Элдин, мамлекеттин байлыктарын жегендер куспаш керекпи? "Кусулгандарга" мектептер, балдар бакчалары, жолдор, мекемелердин ж.б. имараттары курулуп жатат! Дагы кустурулсун!
Бир убакта Акаевдин бандасына кошулуп алып, өлкөнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн ит арзанга сатып, “шапкелеринин” эсебинен гана байыбастан, көптөгөн жайларды акысыз менчиктештирип алгандар, Кыргызстандын жерин сатып, кайра өзүнө ижарага бергендер, көңүлдөш ургаачыларына “биз чет өлкөгө кошулабыз” дедиртип жарыялатып, көз карандысыздыгыбыздан баш тартууга чакыргандар, бийлик алмашып кетсе, бизге бир нерсе тийер деген ойдо алардын айдагында жүргөндөр арстандан айланышар бекен! Андайларды дайыма топ-топ боло тарп аңдып желип жүргөн, кулактары делдейген жаныбарларга теңештирсе туура болот. Анан эки досту кайраштыруу үчүн “ордун тартып алат” дегендин эбак эле ашмалтайы чыккан. Андай өрдөккө ишене турган акмак жок.
Президент, Өкмөт, Бишкектин мэриясы кандай иштеп жатканын эл көрүп турат. Мурдагы бардык президенттердин, мэрлердин тушунда да мындай жакшы иштер аткарылган эмес. Кудай буйруп азыркы бийлик дагы беш жыл турса эле, Кыргызстан таанылгыстай өзгөрөт! Кудай кустургучтарга, өздөрүнүн эмес, элдин кызыкчылыктары үчүн иштеп жаткандарга ден соолук, кубат жана жигер-кайрат берсин!