Печать
Категория: Коом
Просмотров: 524

Баткендеги "Кулунду" заставасындагы чек арачыларга алар үчүн курулган батирлердин ачкычтары тапшырылды. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен жергесинде болуп, чек ара кызматкерлеринин шарттары менен таанышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды. 

Чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.