Печать
Категория: Коом
Просмотров: 310

2023-жылга КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 2023-жылга 1 134,8 млн сом суммасында каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жогоруда аталган бөлүнгөн сумманын ичинен:

- бюджеттик каражаттар 667,2 млн сом;

- атайын каражаттар 467,6 млн сом.

2023-жылга каралган каражаттардын ичинен 27,8 млн сом өлчөмүндө каражат КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде геологиялык иштерди жүргүзүүгө (мамлекеттик заказ) каралган.

Анын ичинде:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 23,4 млн сом;

- атайын эсептин каражаттарынан 4,4 млн сом.

Ошондой эле атайын эсептеги 62,1 миллион сом акча каражаты мыйзамдаштырылган.

Калган чыгашалар кызматкерлердин айлык акысына, командировкаларга, байланыш кызматтарына, транспорттук чыгымдарга, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга, коммуналдык төлөмдөргө жана башкаларга берилет.

2023-жылдын 1-сентябрына карата 626,7 млн сом каржыланды.

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 462,3 млн сом;

- атайын эсептерден 164,4 млн.