Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери менен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы билдирди.
Жыйында 14-35 жаштагы жарандар арасында “Бардыгы коррупцияга каршы!” аталышындагы эл аралык сынак тууралуу сөз болду.
Ошондой эле ар бир билим берүү мекемесинде коррупцияга каршы иш-чараларды уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү боюнча сүйлөшүлүп, бул багытта аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматты жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди.