Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Карабахта болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Мекеме тараткан маалыматта айтылгандай, эл аралык таанылган чек аралардын бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө жактап, Кыргыз Республикасы бардык маселелерди БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптерине жана нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырат.