Печать
Категория: Коом
Просмотров: 472

Жогорку Сот 12-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча маселени карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу "Азаттык" Жогорку Соттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Соттук кароо 11-сентябрда башталган. Кыска отурумдан соң сот бир күнгө тыныгуу жарыялаган. 12-сентябрдагы жараянда прокурор мурдагы өкүмдөрдү мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептеп, ошону күчүндө калтырууну суранды.

Темировдун адвокаттары өкүмдөрдү жокко чыгарып, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу журналистти актоону өтүнүшкөн. Алар ошондой Темировду Кыргызстандын жараны деп табууну талап кылышкан. Соттук коллегия кеңешүүдөн келген соң мурдагы инстанциялардын чечимин кубаттаган токтомун жарыялады.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Темировдун адвокаты Жогорку Сотко кассациялык арыз менен быйыл июлда кайрылган.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын "анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн.