Печать
Категория: Коом
Просмотров: 643

Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында УКМКнын 2016 жана 2031 аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды. 

Иш чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, укук коргоо жана күч кызматкерлери, аскер бөлүктөрүнүн жеке курамы, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышты. 

Аскер кызматкерлерине арналган төрт кабаттуу үй аскер шаарчасынын аймагына курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттен каржыланган. 

Иш чарада сөз сүйлөгөн Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө жана өлкөнүн жана жалпы облустун чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

"Чек арачылардын социалдык маселелерин чечүү жана жалпы аскер кызматкерлеринин, алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуштук шарттарын жакшыртуу Кыргызстандын Президентинин жана өлкөнүн бардык жетекчилигинин көңүл борборунда болуп кала берет. Мунун жаркын мисалы — бүгүнкү окуя", - деди ал. 

Батирлердин ачкычы 35 аскер кызматкерлерине тапшырылды. 

Жаңы үйдүн өзүнчө отканасы, көмүр сактоочу кампасы, балдар ойноочу аянтчасы жана автоунаа токтотуучу жайы бар. 

Батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.