Печать
Категория: Коом
Просмотров: 826

Соцтармактарда чагымчыл маанайдагы материалдарды жарыялаган Зарина Төрөкулова аттуу колдонуучу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган жарандын жарыялаган маалыматтары  КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“Массалык башаламандыктар”) туура келет. Ал  мындай материалдарды системалуу түрдө “Фейсбук” социалдык тармагында жарыялап келген. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын жараны Төрөкулова Зарина КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

2023-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Т.З. 2023-жылдын 30-октябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.