Печать
Категория: Коом
Просмотров: 300

Москва районунда жайгашкан түзөтүү мекемесине баңгизат ыргыткан жарандар кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алардын ыргыткан жеринен өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү скотч менен оролгон эки брикет табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ыргытылган зат жалпы салмагы 454 граммды түзгөн гашиш багиңзаты экени аныкталган.

Аталган факты боюнча мыйзамга ылайык кылмыш иши козголуп, түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ташууга шектүү Жайыл районунун 1999-жылы туулган А.Д. жана 1995-жылы туулган М.Б. тургандары аныкталып, соттун чечими менен А.Д. камакка алынган.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.