Печать
Категория: Коом
Просмотров: 725

УКМК тарабынан каржылык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу жана көмүскө кирешелерди адалдоого басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн. 

Тактап айтканда, “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын айрым жарандары аныкталды.

Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.