Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа Биримдигинин долбоорунун колдоосу менен 2023-жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрына чейин борбордук аппарат жана  райондор менен шаарларда жайгашкан финансы органдарынын 55 аймактык бөлумдөрүнүн IT кызматкерлери менен онлайн форматта камтыган окуу семинарын ийгиликтүү өткөрдү.

"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин IT адистери маалыматтык башкаруу системаларынын киберкоопсуздугу, санариптик технологиялардын натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу ыкмалары, ошондой эле маалыматтык технологияларды колдонуу менен башка актуалдуу темалар боюнча өздөрүнүн квалификациясын ийгиликтүү жогорулатышты. Тренингди эл аралык IT эксперт, ЕБ долбоорунун өкүлү өткөрдү.

Бул иш-чара IT адистеринин компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана финансылык менеджмент чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды колдонууну жакшыртууга салым кошуп, КР Финансы министрлиги менен Европа биримдигинин долбоорунун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөттү", - деп айтылат аталган министрлик тараткан маалыматта.