Печать
Категория: Коом
Просмотров: 376

Бишкектин Свердлов районунда транспорт салыгын төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддер башталганын мэриядан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө 38 унаа токтотулуп, айып салуу үчүн 5 акт түзүлдү.

Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкан жеке жактар үчүн - 1000 сом, юридикалык жактар үчүн - 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.

Транспорт салыгын төлөөдөн качкардарды аныктоо боюнча рейдке муниципалдык администрация, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.