Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев билим берүү, интеллектуалдык менчик, укук коргоо, сот тутуму, курулуш жана байланыш тармактарында үзүрлүү эмгектенип, коомдук иштерге жигердүү катышкан инсандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Аземде төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев сыйлык ээлеринин жогорку кесипкөйлүгүн баалап: “Мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн талыкпай ак кызматыңыздарды кыла бериңиздер. Сиздерге ийгилик каалайм”, – деди.