Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Венгриянын айыл чарба министри Надь Иштван баштаган делегация менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбасы тармагындагы маселелерди талкуулашкан.

Ошондой эле министрлер суу ресурстары жана айыл чарба тармагында тажрыйба жана билим алмашуу маселелери боюнча пикир алышты.