Печать
Категория: Коом
Просмотров: 650

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү М.А.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында опер кызматкери А. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн кызматкери М.А.М. кармалды.

Такталгандай, КР ИИМдин аталган кызматкери, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, «Телеграм» жана «Вотсап» социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу жарандардан мыйзамсыз түрдө баңгизатын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган. 

Жогорудагы кызматкерлер, бул мессенджерлерди колдонуу максатында баңгизатын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң АКШ долларына чейин акча каражатын талап кылышкан.

 Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делинген КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандар КР УКМКнын (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.