Печать
Категория: Коом
Просмотров: 278

Адахан Мадумаровдун камалышын трагедия катары кабыл албоо керек. Мындай пикирин серепчи Жолдошбек Бөтөнөев билдирди. 

"Мадумаров азыр шектүү катары кармалды, тергөө иштери жүрөт, айыптуу болсо анысы далилденет, ак болсо чыгат. Ошондуктан трагедия кылуунун кереги жок. Бул иш боюнча кайчы пикирлер бар, тарапташтары бошотулушу керек, камалбашы керек деп жатышса, анын кол койгон протоколу канча зыян алып келгенин, демек мыйзам алдында жооп бериши керектигин да белгилегендер болууда. Ошондуктан Мадумаровдун иши боюнча тергөө иштеринин, сот процесстеринин жүрүшүн так, ынанымдуу, түшүнүктүү кылып ММКлар аркылуу коомчулукка жеткирип туруу керек деп ойлойм", - деди серепчи.