"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров "мамлекеттик чыккынчы" беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Коомдук ишмер Төрөбай Колубаев саясатчынын кармалышын ар бир адам кылган ишине мыйзам алдында жооптуу экенинин далили деп эсептейт.
"Мадумаров өзү ошого барды, провокация кылып, саясий упай топтоо үчүн көп сөздөрдү айтты. Албетте, айрым сөздөрү туура, аны моюнга алыш керек, бирок көбүнчө кайчылаштырып, чоң саясатчы болгондуктан ар бир нерсени саясий оюнга айлантып келди. Ар бир бийликке сын айтууга өтүп, саясий упай топтогону факт. Канча адамдар "эми аксакал болдуңуз, ак сөзүңүздү айтып жүрүңүз", - дешти. Укпады. Аягы ушуну менен бүттү.
Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев канча айтып келатат. Мадумаров Каркыраны да карматкан, Баткендеги жерди да тажиктерге берди. Ошол кол койгон протоколдун негизинде тажиктер Головнойго жакындап, үй-жай салып, отурукташып калышты. Алар 49 жылга ижарага бергенбиз дегенди бетке кармап жатышпайбы. Анын айынан Баткен окуялары жүз берип, канча деген балабыздан айрылдык. Буга Мадумаровдун түздөн түз күнөөсү бар. Коопсуздук катчысы болуп турган маалында кайсы бир чечимге кол коердон мурда миллион жолу өз элинин кызыкчылыгын ойлонушу керек болчу.
Бул киши мурдагы бийликтер тушунда бул кылмыш үчүн жоопко тартылбай келди. Анткени, "менин артымда эл турат, мен күчтүүмүн" деп коркутуп, бийликтегилер менен соодалашууга барып, кылмыш ишин козготтурган жок. Ал эми азыр мыйзам жоопкерчилигине акыры кармалды. Эми акыл киреттир, балким кылган ишине өзү баа берип, күнөөсүн моюнуна алып, элден кечирим сурайт", - деди Колубаев.