КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө («Мамлекеттик чыккынчылык») каралган кылмышты жасаган деп шектелген КР жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.
Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүмү менен кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган («Мамлекеттик чыккынчылык») кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 (сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт", - деп айтылат маалыматта.